27-январда саат 20:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон. Кечке жуук тажик чек арачылары тарабынан жабылган Баткен-Исфана жолу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саат 19:30га карата ачылды.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, саат 19:35те абал ого бетер курчуду. Бул маалда Тажикстан тараптан Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагына карата ок атылган.
Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында эки тараптан ок атылып жатат. Тажик тараптан миномет менен гранатомет пайдаланып жатышат.
![](https://i.ytimg.com/vi/Y_wyItXU7XE/mqdefault.jpg)