10-март күнү күндүзгү саат 10:50 чамасында Баткен районунун Тескей жерлигинде кыргыз-тажик чек ара тилкесинин такталбаган аймагында курал колдонуу менен чыр чатак катталды. Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, чек араны кайтаруунун жаңы чегине чыгышып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын чек кезметин аталган аймактан кетип калуусун талап кылышкан. Жерине тажик чек арачыларына кошумча күчтөрү келип, сандык артыкчылыктарынан пайдаланып жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан. Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин ниетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Натыйжасында ок атышуу орун алып ал 10 минутага созулган. Ок атышуунун жыйынтыгында кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон жок. КР УКМКнын Чек ара кызматы Тескей жерлиги мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына киреерин жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып жаткандыгын белгилейт. Баткен облусундагы чек ара кайтаруу тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Окуяга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, анда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерге тартылган кошумча күч, каражаттарды жана техникаларды туруктуу жайына жайгаштырууну келишишти. Саат 16.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.
![](https://i.ytimg.com/vi/Z_bJwk245XM/maxresdefault.jpg)