Ал эми иш жүзүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Араңардан ким ачууланса жана ошол учурда тике турган болсо, анда отурсун. А эгер (отурса да) ачуусу таркабаса, анда жатсын». (“Муснад”, 5/152; Сунан Абу Дауд, 4782)
Эгерде адам ачуусу келип турганда тике турган болсо, анда ачуусун келтирген адамды уруп жибериши мүмкүн же аны менен бетме-бет турса өзүн карманалбай ага зыян бериши ыктымал. Эгерде ушундай абалда отура калса, анда ал ачуусун келтирген адамдан алыстайт, а эгер жатса, анда дагы алыстайт.
Демек, адам ачууланган кезде өзүн жаман сөздөрдөн жана күнөө иштерден кармаганга умтулушу керек. Сүйлөгөн сөзү чындык, кылган чечими адилеттүү болушу үчүн ачуусу таркаганга чейин сөз айтууга же иш кылууга шашылбасын.
Аллах Таала ар бир мусулманга кулк-мүнөздүү, сабырдуу, токтоо болууга жардам берсин жана ачуу үстүндө чечим кылуудан, күнөөгө батуудан сактасын!
Каналга катталыңыздар!
Ещё видео!