Улуу Ата Мекендик согушта Совет эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 300 миң жоокер да Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн.
Согуштагы эрдиктери үчүн 10 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан.
Алардын 76сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан.
29 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алышкан.
Кыргызстандык жоокерлердин көпчүлүгү мекенинин,
өз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан.
Ещё видео!