Столдун үстүнө Кагаз менен калемди коюп койсок. Анан миң жыл күтсөк. Калем өзүнөн өзү, кокусунан кагазга жөнөкөй эле “А” тамгасын жазып коё алабы? Же болбосо бир балка, бир нече тактай жана мыкты жанаша коюп коюп, миң жыл күтсөк, балка, мык, тактайлардан өзүнөн өзү стол жасалып калабы? Же болбосо дагы бир мисал, кагаз жана юоёкторду жанаша коюп коюп миң жыл, он миң, атүгүл миллиондогон жылдар бою күтсөк, кагазда бир сүрөт пайда болобу? Булардын баары өзүнөн өзү кокусунан болуп калуусу эч мүмкүнбү ? Т.а. Калем өз күчү менен кагазга “а” тамгасын жазып койду десе ишенесизби? Же балка мыктарды столго кагып ушул кооз стол пайда болду десе акылыңыз кабыл кылабы? Же бул краскалар өзүнөн өзү эле кагазга төгүлүп ушул кооз сүрөт пайда болду десе ишенесизби? Албетте жок дейсиз. Мунун баары болуусу мүмкүн эмес деп кескин айта аласыз. Атүгүл бул суроолорго күлөбүз, туурабы? Бир айыл болсо да жетекчисиз болбойт, Бир ийне устасыз жаралбайт. Бир тамга да бир ошол тамганы жазган жазуучусуз пайда болбойт. Ушул өтө жөнөкөй эле нерселер башкаруучусуз, жаратуучусуз болбосо, анда кантип ушул эбегейсиз кооз, өтө тартиптүү, кылдат, так болгон аалам Жаратуучусуз, Башкаруучусуз болсун. Бир китепти көрүп, бир жазуучуну тааный алабыз. Бир сүрөттү көрүп сүрөтчүнү тааный алабыз. Демек Бул ааламды жана ичиндегилерди жаратып, башкарган бир зат бар. Ал зат-Аллах Таала!!!
![](https://i.ytimg.com/vi/cz_dia3iJvs/maxresdefault.jpg)