Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде башталган жаңжал ок атышуу менен коштолду. Эки тараптан тең жаракат алгандар бар.
Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары жаңжалдын чыгышынын себептерин ар түрдүү айтып, бири-бирин айыптоодо.
Кыргыз тараптын версиясы боюнча жаңжалдын чыгышын «тажик тарап баштаган». «Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери тынч элди дүрбөтүп, кан төгүүгө чагымчылдык кылууда», — деп айтылат маалыматта.
Тажик тараптын версиясына ылайык, Кыргызстан «Головной» суу бөлүштүрүү жайын бир тараптуу негизде басып алган жана жарандык форма кийген спезнацдын аскерлерин элге каршы тукурууда.
Каналга жазылуу: [ Ссылка ]
Биздин веб-сайт: [ Ссылка ]
Facebook: [ Ссылка ]
Twitter: [ Ссылка ]
Instagram: [ Ссылка ]
![](https://i.ytimg.com/vi/dBlg6QmX6VA/maxresdefault.jpg)