Бул кагаз 2 күн баарыбызга эрмек болду. )))
Улам жадаганда таштап коюп, кайра кызыгып улантып отуруп толтуруп койдук. 6 жаштагы балам мен көрсөтпөсөм деле өзү кайсы жерден сайып, кайсы жерден чыгарышты билип алып көпкө тикти. Кызым 5те, ага бир аз көрсөтүп отурдум. 2-3 жолу туура эмес тигип, кайра сөктүк. )))
Ойлонууга жакшы шарт түзүлөт экен балдарга. Ийне бергенде учу жок ийне бердим, анткени өзүм тешип койгом, экинчиден коопсуздугун карадым.
Балаңызды ушундай жолдор менен алаксытып көрүңүз, абдан пайдалуу.
#элизадаам_пайдалуу
Ещё видео!