Слова и музыка Гульмиры Эсенгуловой
Текст:
Окуп талбай, иштесек
Оюнга да бар кезек
Кел ойнойлу, достор, тез, э-эй!
Ак терек да, көк терек!
Ак терек да, көк терек!
Ак терек, көк терек
Бизден сизге ким керек?
Айдай сулуу Акбермет
Келсин бизге тезирээк
Айдай сулуу Акбермет
Сайма саят керемет
Акылдуу кыз Акбермет
Өзүбүзгө эң керек
Барбайт, барбайт Акбермет
Өзүбүзгө эң керек!
Сайма сайып үйрөнсөк
Дедик эле биз эңсеп
Үйрөт десек жок дебес
Акылдуу кыз Акбермет
Келип кетчи тезирээк
Ак терек, көк терек
Сизге келди бул кезек
Ак терек, көк терек
Бизден сизге ким керек?
Нурлуу жигит Нуртилек
Келсин бизге тезирээк
Комуз чертсе кол сермеп
Бир жан ага тең келбейт
Өнөр ээси Нуртилек
Өзүбүзгө эң керек
Барбайт, барбайт Нуртилек
Өзүбүзгө эң керек!
Комуз күүсүн уксак деп
Жүрдүк эле биз дегдеп
Комуз ойноп бир ирет
Кел, келип кет Нуртилек
Келип кетчи тезирээк
Демиңе дем күч жиреп
Ырыскылуу дос берет, эй!
Ынтымакта иш кылып, э-эй!
Бир-бириңе бол тирек
Ак терек да, көк терек!
Ак терек, көк терек
Бир-бириңе бол тирек!
Ак терек, көк терек
Бир-бириңе бол тирек!
#АкШоолаБалдарХору
Ещё видео!