Социалдык тармакта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тик учагы Чоң-Алайга аман-эсен конгондогу видеосу тарады.
"Камчыбек Ташиев бара жаткан учак кулады деген туура эмес. УКМК башчысы отурган учак Карамык айылына аман-соо конгон. Бул видеодо ошол учак. Ал эми экинчи учактын кулап түшкөнү тууралуу маалыматтар айтылууда", - деп жазып калтырган Жумамидин Сулайманкулов социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин тик учагы кулап түшкөнү айтылган.
![](https://i.ytimg.com/vi/h8MxZXpElrw/maxresdefault.jpg)