Музыка Каныкей Эралиевой
Слова Жолон Мамытова
Аранжировка Эрниста Уметалиева
Солистка: Салтанат Шабданалиева
Текст:
Күн балдары чемичкелер
Тептегерек сапсары
Аппак таңда бой түзөшүп
Күндү күтө баштады
Эң алгачкы нурун күн да
Ошолорго арнады
Ар бир бала бул дүйнөдө
Апасынын ардагы
Ар бир бала бул дүйнөдө
Атасынын ардагы
Ошол нурдан күн уулунун
Жаркып турду маанайы
Ар бир бала бул дүйнөдө
Апасынын ардагы
Эң алгачкы нурун күн да
Ошолорго арнады
Ар бир бала бул дүйнөдө
Апасынын ардагы
Ар бир бала бул дүйнөдө
Атасынын ардагы
Ар бир бала бул дүйнөдө
Апасынын ардагы
Ар бир бала бул дүйнөдө
Атасынын ардагы
Күнү бойу күн балдары
Нурга боюн тарашты
Алар менен батаар күндү
Жалооруша карашты
Карангыга элейишип
Азга кулак түрүшүп
Анан баары кетти уйкуга
Таажылары бүрүшүп
Ар бир бала бул дүйнөдө
Апасынын ардагы
Ар бир бала бул дүйнөдө
Атасынын ардагы
#АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкшоола #КүнБалдары
![](https://i.ytimg.com/vi/hWL4JquxAGc/maxresdefault.jpg)