Элестетип көрүңүз! Биз Оштон Бишкек шаарын көздөй жолго чыктык дейли. Бирок жолду эч билбейбиз. “А” жергесине келгенде эки айрылыш жолго туш келдик. Болжолдоп туруп бирөөсүн тандап жолубузду уладык. Болжолубуз туура чыкты. Эми “Б” пунктуна келдик. Ал жерде үчкө бөлүнгөн жолго туш келдик. Болжолдоп туруп дагы бирөөсүн тандадык да кайра жолубузду уладык. “С” пунктуна келгенде төрт тарапка кеткен жолго туш келдик. Биз бирөөсүн болжолдоп андан ары жүргөн кезде, алдыбыздан дагы 1000 тарапка бурулган жол чыгып, биз болжолдоп бирөөсүн тандап, тандообуз туура чыгып жыйынтыгында Бишкеке жетип келдик. Бул болжолдоп тандаган жолдорубуз кокусунан туура чыгуусунун ыктымалдуулугу албетте өтө төмөн. “Миңдеген жолдордун бирөөсүн чамалап туруп тандадым эле туура чыгып калды”-деп бирөө айтсак ишениши кыйын. Биз ар бир бурулушта, туура жолду тандоо үчүн картага, навигацияга, же жолду билген бирөөгө муктажбыз. Жогорудагы аталган мисал менен кокусунан ошончо бурулуштардан адашпай барчу жерибизге жете алуу акылга эч сыйбайт. Бир атомдун кыймыл аракети да, дал ушул мисал сыяктуу, атүгүл мындан да оор. Атомдун алдынан миллиарддаган жолдор чыгат. Бирок атом дайыма адашпай, эң туура жолду тандап барчу жерине бара алат. Бир жаратыктын пайда болуусу бул атомдордун миллиарддаган жолдордун ичинен эң туура бирөөсүн тандай алуусу аркылуу ишке ашат. А эмне атомдордо акыл бар беле өздөрү туура жолду тандап ала ала турган? Албетте атом акылсыз бир жаратык. Өзү эле же кокусунан туура жолду таап, көздөгөн максатына жете алуусу эч мүмкүн эмес.
Оо менин бир тууганым! Жолду билбеген абалда, эч кимден сурабай, картаны да карабай туруп кокусунан же болжолдоп туруп эле Оштон Бишкеке эле жетип келүү эч мүмкүн эмес экен. А кантип миллиарддаган акылсыз атомдор, миллиарддаган жолдордун арасынан адашпай жете турган жерине жетип жатат? Жөнөкөй эле жолду билбеген адам Оштон Бишкеке келгенче бир жол башчыга муктаж болуп жатса, акылсыз атомдор да бир Башкаруучуга муктаж эмеспи? Бул кыймыл араткеттерди өзүнөн-өзү болуп жатат дегендерге акыл ээлери деп кантип айта алабыз?
“Ал (бүт ааламдардагы) ишти (жалгыз Өзү) башкарат.” (Юнус сүрөсү 3-аят)
![](https://i.ytimg.com/vi/iPHQA31A5_8/maxresdefault.jpg)