18-декабрь күнү саат 14:20 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 61 жаштагы М.З. сабалгандыгын Баткен ОИИБден билдиришкен.
Маалыматта айтылгандай, М.З.ны өзүнүн айылдашы А.Ү. сабаган. Натыйжада М.З. алган жаратынан улам Айдаркен шаарындагы ооруканага жеткирилген. Сабалган аял Зүлпия Максутованын бир тууган сиңдиси Гүлүнса Маматалиева 18-декабрь күнү саат 15:00дөр чамасында ага телефон чалышканын, ал Айдаркендеги оорукананы көздөй келгенин, аталган шаардагы ооруканада компьютердик томография, башка аппараттар жок болгондугуна байланыштуу эжесин Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына алып келишкенин айтты.
![](https://i.ytimg.com/vi/ipltNNN54sk/maxresdefault.jpg)