9-май Жеңиш күнү - совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн.
Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Тайманбас аталарыбыздын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 кыргызстандык «Даңк» орденинин толук ээси, Ал эми 73 жоокер «Советтер Союзунун баатыры» наамына ээ болгон. 90 миңден ашуун мекендештерибиз бул күндү бизге тартулоо үчүн баатырларча курман болушкан.
![](https://i.ytimg.com/vi/irfWphEQViM/maxresdefault.jpg)