Милиция акча талап кылган өспүрүм жандандыруу бөлүмүнө түштү
Бишкекте өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган деген шек менен Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9- июлда Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 6-июлда шектүү электрондук тамеки чегип отурган баланы административдик жоопкерчиликке тартам деген шылтоо менен акчасын банкоматтан чыгартып алган. Жашы жете элек бала окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген жана "геморрагиялык инсульт" диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми милиция кызматкери оор абалда жаткан өспүрүмдү окуя болгон жерге калтырып, качып кеткен.
![](https://i.ytimg.com/vi/j5Q2iqnEBMQ/maxresdefault.jpg)