Аллах Таала бизге чексиз нематтарды, чексиз сыйлыктарды тартуулады. Жашоо берди. Өмүр берди. Жансыз кылбай жандуу кылып жаратты. Жандуулардын ичинен жаныбар кылбастан адам кылып жаратты. Адамдардын ичинен да мусулман кылып тандады. Бир сөз айтканда бизди эбегейсиз жакшылыктарга бөлөдү. Биз адам баласы көбүнчө барктуу нерселердин кадырын кезинде эмес, өтүп кеткенден кийин билебиз. Мына ошондой баалуу, барктуу нематтардын бири – бул жаштык. Жаштык Аллах тарабынан берилген эң чоң байлык. Түшүнгөн адамга андан өткөн байлык жок. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат: “Эки чоң немат бар. Бири – убакыт, Экинчиси – жаштык”. Демек жаштыктын канчалык маанилүү экенин ушул жерден билсек болот. Ар бир нерсенин маңызы, өзөгү болот эмеспи. Жашообуздун маңызы да дал ушул жаштык деген нерсеге коюлган. Бүгүнкү ааламдашуу заманында бардык нерсе ылдам секирик жасап жатат. Жаштыгыбыз да аны менен кошо зымырап учуп, агып кетип атат. Жаштыкты эң чоң байлык деп бекеринен айткан жокпуз. Маселен баалуу буюмубуздан же мал-мүлкүбүздөн айрылсак, катуу кайгырабыз. Капаланабыз. А түгүл ыйлайбыз. Колдогу убактылуу буюмга ушунча санаа тартабыз, кайгырабыз. Ал эми өмүрдө бир жолу берилген жаштыккачы? Бул суроону ар бирибиз өзүбүзгө берип көрөлү. Ырас, дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес. Баары өзгөрүп, алмашып турат. Мисалы, жай мезгилинен соң күз келет. Таң аткандан кийин кайра түн кирет. Мына ушул сыяктуу жаштык да колубуздан чыгат, кетет. Ордуна карылык, карылыктан соң өлүм келет.
![](https://i.ytimg.com/vi/jiAybW9vl74/maxresdefault.jpg)