28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматтары боюнча 42 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле 13 куткаруучу Кезарт жайлоосуна бара жатышат. Ал эми 46 куткаруучу сел болгон аймактарда издөө иштерине тартылды. [ Ссылка ]
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Фейсбук - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ютуб -[ Ссылка ]...
Телеграм - [ Ссылка ]
[ Ссылка ]
Ещё видео!