Саада катуу ооруп калыптыр, көрсө Өскөнбай дагы барбай койгондо сагынып куса болгон экен, эти ысып көзүн ачпай жаткан кызына келип үйрүлө калган Өскөнбайдын үнүн угуп көзүн ачкан Саада:
– Ата, сен мени таштабайсың ээ, кайра келдиңби? – дегенде Сарыбай менен Шарапат кубанып кетишти.
– Жок кызым, мен сени таштабайм, эми экөөбүз бирге болобуз ээ? – деп чекесинен өптү Өскөнбай.
– Апам мени таштап кетпедиби, сен таштабачы ата.
– Сени таштабай калайын, сен дарыңды ичсең, анан бир жерге барып келебиз макулбу?
– Каякка? – Башын көтөрө суроолуу тигилди, денесинин ысытмасы көтөрүлгөндөн оозу кеберсип эки бети албырып, демиге карап турду.
Ещё видео!