Аль-Азим! Аллах Тааланын ысымдарынын бирөөсү. Өтө Улуу, Айбаттуу, Чоң, Cыпатынын маңызы өтө чоң болгон, акыл кабыл ала албай турганчалык даражада Чоң, Улуу болгон Зат-деген мааниге келет.
Адам бир нерсенин көлөмүн, чоңдугун кабыл алууда кээде көзү менен көрүп, кээде акылы менен түшүнүп, а.э. кээде ой-пикири менен, кыялы менен кабылдайт. Мисалы бир пилди көргөн кезде анын чоң болгондугун байкайбыз. Анын артында турган тоону көргөн кезде тоо пилден да чоң болгондугун көрөбүз. А бир деңизди көргөн кезде “Бул деңиз тоодон да чоң экен”-дейбиз. Ошол эле кезде бул дүйнөнү элестетип, дүйнө деңиздан да чоң экендигин сезебиз. Бирок аны көз менен көрө албайбыз. Анткени дүйнө ушунчалык чоң болгондуктан биздин көзүбүз көрө албайт аны. Акыл жердин чоңдугун илимий аргументтер менен гана түшүнөт. Ошол эле кезде күндүн жер шарынан 1.3 млн эсе чоң болгондугун акыл да араң кабыл кылууда. Акылдын кабылдоосунун эң акыркы жеткен чектеринен болсо керек балким. Себеби жер шарын 1.3 млн эсе чоңойтуп, ошол күндүн көлөмүн акыл менен көрө алуу өтө оор. Мындан да чоң болгон, акыл да кабыл ала албай турганчалык даражада көлөмдүү болгон нерселер бар. Мисалы Самачынын жолу галлактикасында күн сыяктуу дагы 300 млрд жылдыз бар. А мындай галлактикадан дагы 2 трлн бар. Мынчалык эбегейсиз чоңдук акылыбызга батпай калат. Альфа Канис Майорис жылдызы жер шарынан 7 дециллион эсе чоң. Бул жылдыздын ичине 7 дециллион жер шары батат. Б.а. 7нин артынан 33 даана нөл жазылганчалык бир чоңдук! Ушунчалык чоңдуктагы бир жылдызды элестете аласызбы. Акыл менен тушүнүү, элестетүү бул жакта турсун тил да түшүндүрүүдө алсыз мынчалык чоңдукту.
Мынакей! Бүткүл ушул чоң, айбаттуу, улуу болгон нерселерде Аллах Тааланын “Азыйм”-деген б.а. Улуу, Чоң, Айбаттуу, Акыл кабыл алгыс даражада улуу болгон Зат-деген ысымы чагылып, көрүнүп турат. Бул эбегейсиз чоң болгон макулуктар, жаратыктар өздөрүнүн чоңдугу менен Аллах Тааланын Улуулугун көрсөтүп далилдеп турат. Бул чоң жылдыздарды көргөндө албетте “Йаа Азиийм! Йаа Азиийм!” деп б.а. “Эй Улуу болгон Аллах!”-деп зикир кылышыбыз керек.
Эми Аллахтын Улуулугуна, Айбаттуулугуна карап көрөлү. Чынында Аллах жараткан материя болгон чоң макулуктарды кабыл кылуу акылга батпай, акыл алсыздык кылып жаткан кезде Аллахтын өзүнүн Улуулугун, Айбаттуулугун кантип түшүнө алабыз?
Демек биз ушуну билишибиз керек.
Аллах Таала Эбегейсиз Улуу, Айбаттуу, Чоң. Биз билген бүткүл чоң, зор болгон нерселерден да чоң. Болгону биздин акылыбыз бул нерсени кабыл кылууда алсыздык, күчсүздүк кылууда. Аллахтын Азиийм, Чексиз Улуу болгонуна ыйман келтиребиз. Анын Чексиз Улуу болгонун анын жаратыктарына карап туруп билебиз. Албетте мындай акыйкаттарды билген соң Чексиз Улуулуктун астында баш ийип, сажда кылбаска айла калбайт.
Асмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук!
(Шура сүрөсү 4-аят)
![](https://i.ytimg.com/vi/ls8msUbJz_E/maxresdefault.jpg)