УКМК: Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары кармалды
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине (Опузалап пара алуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 000 сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды. Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.
Официальный сайт: [ Ссылка ]
REGION TV @ Instagram [ Ссылка ]
REGION TV @ Facebook [ Ссылка ]
REGION TV @ Одноклассники [ Ссылка ]
![](https://i.ytimg.com/vi/nX0jrWNKHiY/mqdefault.jpg)