Кыргызнефтегаз» компаниясынын мурдагы жетекчилиси ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мурдагы жетекчиге Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2017-2020-жылдары “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А.нын жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майды арзан сатуу үчүн жалданма фирмалар уюштурулган. Муну менен күйүүчү-майлоочу майдын базардагы баасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма 1 литр үчүн 5 сомду түзүп, ортодогу айырманы “Кыргызнефтегаздын” жетекчилиги, ошондой эле, жогорку кызматтарды ээлеген колдоочулары алган. Андан соң, жалданма фирмалар жоюлуп, анын кесепетинен 400 миллион сомдон ашык салык төлөнбөй калган.
Б.Р.А.нын 4 жылдык башкаруусунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Кыргызнефтегаздын” мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммага кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр сатып алынганы аныкталды. Бул мүлктөр камакка алынды.
[ Ссылка ]
Ещё видео!