Акын Зайырбек Ажыматовдун сөзүнө жазылган "Жарты кайык" аттуу ырыма клип тартканбыз. Клипти чогуу көрөлү.
ЖАРТЫ КАЙЫК
Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
Дардаңдап дос жар күттүм деген менен
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
Ар дайым мээрим издеп карайладым
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жарты кайык
Теги
тумонбай колдошовtumonbai koldoshovтүмөнбай колдошовтумонбайколдошовколдошев түмөнбайКыргызча ырларжаны ыр 2019соломедиа порталысоло медиаКыргызча клиптержаны клипхит ырларжарты кайыкжалгыз кайыкэски ырларретроклиптерырларклассикааккордеонкомузжартыкайыкырларызайырбек АжыматовО турмушдардандап дос жар куттум деген мененбагыты жок жарты кайыкРыспайАсанкалыйМирбек АтабековБек борбиевАлма медиасолоэлдик ырJarty kayik