Эмне үчүн бала тарбиясы маанилүү?
Жаш балдар адамзаттын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Бул жагынан алып караганда алардын жашоосу биз үчүн абдан маанилүү. Болгондо да алардын тарбиясы. Ооба, ар бир перзент күнөөсүз төрөлөт. Алардын табияты аруу, таза. Ушундай аруу, күнөөсүз перзенттердин тарбия аманаты биздин колубузда. Бардык нерсе башынан башталат эмеспи. Бала да тарбияны жаштайынан алышы керек. Себеби жаштыгында алынган тарбиянын таасири чоң. Жаштайынан берилген тарбия баланын рухуна бекем сиңип, өмүр бою аны менен кошо жашайт. Ошондуктан балага канча эрте көңүл бурсак биз үчүн ошончо жакшы. Бала тарбиясын кайдан баштайбыз? Тарбия өзөгү кайда?
![](https://i.ytimg.com/vi/qjYJUNZtE2A/maxresdefault.jpg)