Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймакта жергиликтүү жашоочулардын ортосунда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Чек аймагына тиешелүү 50 сотых жерди талашуу менен чыр чыкты. Талашкан жер такталбаган аймакка кирет, бирок аны кыргыз тарап пайдаланып келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда эки тараптан тең 30-40 киши бири-бирине таш ыргытып, кыргызстандык бир жаран башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, тынчый түшкөн маалда түшүндүрүү иштери жүргөн.
Маалыматта «Бирок, ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёт атты» деп айтылат. Ошондой эле маалыматта «азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор» деп мүнөздөлөт.
Тажикстандын Мамлекетик коопсуздук комитетинин алдындагы Чек ара кызматы 8-майда саат 18:00дө Исфара районунун Чоркух жамаатынын Кумазор аймагында чек арада жаңжал чыкканын билдирди. «Чек арадагы чатакка тажик мыйзамына ылайык Тажикстанга таандык төрт гектар жерди кыргыз жарандары өзүм билемдик менен ээлеп алганы себеп болгон» деп айтылат.
Расмий билдирүүдө «Кыргызстандын чек арачылары жаңжалды токтотуунун ордуна чагымчылдык кылып, Тажикстандын куралсыз элине ок чыгарган» деп белгиленет. 1983-жылы туулган Фозилов Фазлиддин жана 1971-жылы туулган Шарипов Айомиддин оор жараат алган деп кабарланды.
Ещё видео!