Песня и слова Гульмиры Эсенгуловой
Солистка: Алтынай Атаканова
Текст:
Түшүнбөдүм, неге мынча чочулашат
Так көтөрүп бутумду мен бийлесем?
Атам, апам, жада калса чоң-энем да
Улам эле секирбе деп урушат!
А мен болсо такыр эле туралбайм
Түрлүү күүлөр кулагыма угулат
Бийлеймин, бийлеймин
Таң атпай
Бийлеймин, бийлеймин
Түшкө маал
Бийлеймин, бийлеймин
Кечинде
Эшикте, үйдө да
Чарчабай!
Бактылуумун деп өзүмдү жүрөмүн
Анткени мен бийлегенди үйрөндүм
Кайгырбаймын ата-апам урушса
Түшүнөт да бир күнү деп күлөмүн!
Жок дегенде сен урушпа, чоң эне
Мен жөн гана бийлегенди сүйөмүн!
"Жүрөгүм!" - деп кээде апам жыгылат
Так секирсем өңдөн кетип кубарат
Атам дагы кабак бүркөп айтат кеп
"Бийлебегин! Бул өнөрүң жаман" - деп!
Кечке чейин, ата, гезит окусаң
Мен айтпайм го: "Ата, мунуң жаман" - деп
#АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола #Бийлеймин
"Ак Шоола" балдар хору - Бийлеймин (+ текст)
Теги
Ак Шоола балдар хоруДетский хор Ак ШоолаАк Шоола бийлейминАк Шоола балдар хору - БийлейминДетский хор Ак Шоола - БийлейминБийлеймин ырыБийлеймин караокеБийлеймин тестБийлеймин бийлейминБийлеймин бийлеймин чарчабайбийлеймин бийлеймин текстбалдар учун ырлар кыргызчабалдар учун ырлар кыргызча караокебалдар ыры караокебалдар ырлары текстмамалак караокечыр бала ак шоола мамалакак шоола мээримАк Шоола балдар хору караоке