Интернет желелеринде жол киреден улам милиция кызматкери менен автобус айдоочусунун уруша кеткен видеосу тарады.
Анда коомдук транспортко милиция кызматкеринин жол акы төлөбөй кирип кеткенин көрүүгө болот. Мындан улам айдоочу андан жол кирени төлөөсүн талап кылган.
Видеодон кызматкердин "айтып койсоңуз, мэрия жогорубу же Жогорку Кеңешпи?" дегенин угууга болот. Ага айдоочу "биз мэрияга баш ийебиз. Мен сизди түш деген жокмун, төлөңүз деп жатам" деп жооп кайтарган.
Андан соң "сиз мени түшүрүп жатасыз э? Төлөмөйүнчө жылбайм деп жатасыз. Мен кызматка бара жатам" деген милиция кызматкери.
Айдоочу ага "кайдагы кызмат? Саат сегиз жарым болду" дегенде, милиция кызматкери автобустан түшүп кеткен.
МИЛИЦИЯ ЖОЛ КИРЕНИ ТӨЛӨБӨЙ КОЙДУ...
Теги
жаңылыктарновостиnewsошбишкекнарынталасысык көлбаткенжалал абадкыргызстанселжамгыркырсыккылмышноокатат башылейлекалайкара кулжаалайкуукара сууохнабоз адырдордойарстанбапсары челекабшыр атаапшыр атакара койкаракойпапанраззаковкой ташбазар коргонкоргонкок жарозгонөзгөнкуршаботуз адырмчсөкмэлтрктркутркмузыкабаластаноштв7-каналпирамидаынтымакбакайманассеметейалымбеккурманжан