Кыргызстандын аймагында 2020- жылдын аягы менен 2 383 152,5 миң тонна таштанды топтолгон(анын ичинде шахты жана карьерлерден чыккан калдыктар да бар). Бир жылда 114 116,6 миң тонна таштанды чогулат. Ал эмес ушул посту окуп жатканда да жаңы таштандылар чыгып, таштанды топтоочу жайлары көбөйүүдө. Айланабыз бүт таштанды болбош үчүн эмне кылуу керек? Каракол шаарындагы "Изумруд Тазалык Сервис" ишканасынын директору Алина Осмонбаева айтып берди.
"Изумруд Тазалык Сервис" ишканасы
2017- жылдан бери иш алып барып келет. Учурда ал жерде 8 жумушчу эмгектенет. Ишканага күнүнө шаардан жана жакынкы райондордон 2-2,5 тонна желим бөтөлкө келет.
"Биздин ишкананын коомго пайдасы таштандыларды сатып алабыз. Анда маклатура, темир, желим, алюминий бөтөлкөлөр келет. Бизге тургундар, тазалык ишканасынын кызматкерлери чогултуп, алып келип өткөрөт. Мисалы Караколдогу Ак- Тилек базарында чачылып жаткан коробкалар жок калды. Ошондой эле таштанды жайларда үйүлгөн таштандылардын көлөмү азайды. Ар бир тургунду таштандыны бөлүп чогултуп, аны өткөрүүгө чакырабыз. Бир чети ал сизге кошумча акча болсо, экинчи жагы шаар таза болот"- дейт ал.
Ишкананын учурда кардарлары көбөйдү. Алардын баарын кыдырып, таштандыларды чогултууга
“Кыргыз Республикасындагы Таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу – Wastenet.Kg” пилоттук программасына долбоор жазып, 300 миң сом утуп алышкан. Ага унаа сатып алышты. Азыр топтогон таштандыларын Бишкек шаарына алып барып өткөрүшөт. Ал эми келечекте Жети- Өгүз районуна кайра иштетүү ишкананы ачууну пландоодо. Анда пластиктер иштетилип, жумшак брусчаткалар чыгат.
Белгилей кетсек, өлкөдө таштанды көйгөйүн жөнгө салуу үчүн атайы Түйүн түзүлдү. Ал Кыргыз Республикасындагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу Wastеnet.kg пилоттук программасынын алкагында Эл аралык
«The Coca-Cola Foundation» фондунун колдоосу менен ишке ашууда. Ал өлкө боюнча 17 долбоорго колдоо көрсөтүп жатат. Анын ичинен 3 ишкана Каракол шаарында иш алып барууда. Алардын бири Ысык-Көл аялдар биримдиги ассоциациясы калктын маалымдуулугун жогорулатууда.
#Каракол_чистый_город!
#wastenetkg #системауправленияотходамикыргызстан #отходыкыргызстан #тбокыргызстан #каракол #thecocacolafoundation #csrcentralasia
![](https://i.ytimg.com/vi/smKIHtBLnSA/maxresdefault.jpg)