Арман күүлөр - кыргыздын музыкалык фольклорунда жана комуз музыкасында кеңири өнүккөн жанрдын бири.
Арман күүлөрдө негизинен кыргыз элинин өткөн замандагы кайгы-муңу, кедей, жетим-жесирлердин оор турмушу, улан-кыздардын бири-бирине жетпей зарланышы, малга сатылган кыздардын муну баяндалат.
Комуз Арман күүлөрү жөнөкөй кайруулардан тартып кеңири масштабдуу классикалык күүлөргө чейин өскөн (мис., «Көкөй кести», «Кыздын арманы», «Арман күү», «Жетим баланын арманы», «Музоокенин муңдуу күү» жана башка).
Арман күүлөрдүн айрымдары каймана түрүндө «Чымчыктын арманы», «Армандуу чымчык», «Күкүктүн зары» дегендей канаттуулардын аттары менен коштолсо, айрым Арман күүлөрү авторунун ысмы менен кошо айтылат: «Абактын арманы», «Арстанбектин арманы», «Серкебайдын арманы» ж. б.
Арман обон, күүлөр ушул азыр да композиторлордун тарыхый музыкалык драма, опера, симфонияларында пайдаланылууда.
![](https://i.ytimg.com/vi/swwC-E3foWQ/mqdefault.jpg)