Ардагым, кыргыз! Ааламдын сѳзүн тыңдаса,
Кудай да ага мамиле кылат башкача.
Баатырың Манас жол баштап ѳзү барган соң,
Башталат шондо ѳзгѳчѳ болгон тамаша.
Бак-шагы кыргыз коробойт коомай болбогун,
Кырчылдап турган кыргызга жылдыз тараза.
Тандамал кыргыз алдыга чыгып баргыча,
Арамдык жолду түп-орду менен алгыча.
Кыйсыпыр жашоо ѳйдѳ-ылдый болот жолунда,
Алыстан тийген ак жылдыз башта калгыча.
Кудайдын үнүн угалбай турат кыргызың,
Ойлонсун кыргыз эс-учтан абдан тангыча.
Чалкалап жатып тайраңдап барган жолунда,
Талкалап салган таажыны алсын колуна.
Коромжу эмес ошондо келет жакшылык,
Кѳтѳрүп кѳккѳ колдорун алсын бооруна.
Асманга карап сыйынсын кыргыз балдары,
Баарысы бирдей карабай ачка-тогуна.
Тоолордун боору билдирет белги барганда,
Кыргыздар неге келишкен ушул жалганга?
Жантайып жатып издебе ыйык жашоону,
Кѳтѳргүн азап Кудайың башка салганда.
Кыргыздар ачык тапмайын ыйык жолдорун,
Ызы-чуу, кыргын түгѳнбѳйт дале таңдарда.
![](https://i.ytimg.com/vi/tTbDPI020-A/maxresdefault.jpg)