Бүгүн, 29-апрелде түштөн кийин Баткендеги, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тынымсыз ок атылып башталды.
Видеотасманы социалдык тармактарда тараткан жаран интенсивдүү ок атышуунун фонунда "согуш башталды!" деп кыйкырууда.
Буга чейинки ок атышууда төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.
28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон.
29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кетти.
Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси “Головной” толугу бойдон Тажикстанга таандык экенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.
Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты.
Ещё видео!