Асылбек Асан - Асылзат.
Сөзү, обону: Баян Акматовдуку.
Биз үммөтүң - калагы жок кайыктар,
Ыйманынан алсыраган майыптар.
Сендей улуу нур кадырын биле албас,
Үммөтүңдүн жүрөгүндө айып бар.
Кайырма:
Ай жылдар закымдап,
Акырет жакындап.
Жүк болгон күнөөдөн,
Жүрөгүм лакылдап.
Карааның көрө албай,
Карегим жашылдап.
Каран күн башымда,
Кайдасың Асылзат.
Сен жок азыр күнөөлөргө чоң батып,
Сага зарбыз таба албайбыз жол катып.
Үмүтүмдү бир Аллага байладым,
“Үммөтүңмүн” - деген кандай чон бакыт!
Үмүтүмдү үмүт менен жамаймын,
Үйдө күтөм сен келчүдөй караймын.
Кайдан-жайдан келериңди шектенип,
Каалгамдын кыйчылдашын самаймын.
Чыгарма Пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхи вассаламга арналат ❤️
#асылбекасан #жаныыр #2023 #кыргызстан #кыргызчаырлар #бишкек #песня #музыка #ырлар #азия #youtube #нарын #талас #талант #баткен #ысыккөл #жалалабад #ош #ырчы #пайгамбар #мухаммад #ислам #ыйман #мухаммед
![](https://i.ytimg.com/vi/tmh6yUy0ZAA/maxresdefault.jpg)