БАРАЛГАН ЖОКМУН
Сөзү: Алым Токтомушевдики
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
2015-жыл, 19-март
Мен турган тушта - сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, баралган жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүл дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эч бир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокмун,
Карарган деңиз, агарган толкун.
БАРАЛГАН ЖОКМУН
Теги
тумонбай колдошовtumonbai koldoshovтүмөнбай колдошовтумонбайколдошовколдошевтүмөнбайтумонбай колдошов баралган жокмун скачатьтумонбай колдошов ырларыколдошов ырларыколдошов коштошууколдошов суйуу багыколдошов омуртумонбай колдошов ырлар жыйнагытумонбай колдошов аккордеонаккордеон ырларысоло медиапорталыжаны клиптер 2019кыргызча ырлармен дуйнону апам менен тааныгамтүмөнбай колдошов ырлар жыйнагы