ТУР ТООСУ
АЯТ:«Баз аны Турдун оң тарабынан чакырдык жана жашыруун сүйлөшүү үчүн жакындаттык»``` («Марям» сүрөсү; 52)
ХАДИС: Мусулмандардын Малхама окуясындагы борбору Шам, Дажжал окуясындагы борбору - Кудус (Иерусалим) жана яжууж-мажууж окуясындагы борбору Тур-у Сина». (Аз.Абу Захария)
ОКУЯ: АЛЛАХТЫН АЗИРЕТИ МУСАГА (А.С.) БОЛГОН КАЙРЫЛУУСУ
«Азирети Муса (а.с) Тур тоосуна келип Жараткан Аллахка: _"Оо Жараткан! мага өзүңдү көрсөт, сени көрөйүн!"_ - деди. Аллах: _"Мени эч качан көрө албайсың". Бирок, тоону кара. Эгер ал ордунда тура алса, сенда мени көрөсүң"_- деди.
Ошентип, Жараткан Аллах өзүнүн ийненин көзүнчөлүк нурун тоого чагылдырган кезде, тоонун таш-талканы чыгып быркырап кетти. Азирети Муса (а.с) эс-учунан танып жерге сулап калды. Эс-учун жыйнап өзүнө келээр замат: _"Оо, Жараткан Сен аруусуң. Сага тообо кылдым!" - деп Аллахтан кечирим тилеп, тообо кылды. Анда Жараткан Аллах: _"Эй, Муса! Сени адамдардын ичинен элчилигиме жана сүйлөшүүмө тандап алдым. Сага бергендеримди ал да, шүгүр кылуучулардан бол"_ - деди. ("Аараф" сүрөсү; 143-144).
муса пайгамбар,пайгамбарлар тарыхы,пайгамбарлар баяны,аудио насаат,аудио китеп,аудио китеп исламдык,аудио китеп кыргызча,кыргызча аудио китеп,адам ата,яжуж мажуж,ислам тв,куран,араф суросу,закир найк,нил дарыясы,намаз уйронуу,тур тоосу,куран угуу,тоораттын тушушу
![](https://i.ytimg.com/vi/u_OKxE0Nblc/maxresdefault.jpg)