Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстанда өтүп жаткан “Бирлестик-2024” машыгууларына катышууда.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти 8-июлдан 17-июлга чейин өтө турган “Бирлестик-2024” эл аралык аскердик машыгууларына катышуу үчүн Казакстандын Мангыстау облусуна келди.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгууга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышат.
Оймаша полигонунда жана Токмак тумшугунун жанындагы деңиз зонасында беш өлкөнүн аскер кызматкерлери “куралдуу кагылышууну локалдаштыруу” боюнча биргелешкен операция өткөрүшөт.
Машыгууга катышкандар жасалма террористтер басып алган аралды бошотуу, деңиз коопсуздугун камсыздоо жана инфраструктураны коргоо операцияларын машыгышат.
Машыгууларга Кыргызстандын атынан КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам тобу жана «Скорпион» атайын багыттагы отрядынын 50дөй адамдан турган өздүк курамы катышууда.
Машыгууга жалпысынан төрт миңге жакын аскер кызматкерлери, ошондой эле 700гө чейин курал-жарак, аскердик жана атайын техника, анын ичинде учактар жана кемелер тартылат.
Ещё видео!