Кечээ, 10-ноябрь күнү Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын жүк жүктөөчү жагына аялды салып алып бара жаткан айдоочунун кылыгы социалдык тармакка видео аркылуу тарады
Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган унаа өз учурунда токтотулган.
«Айдоочу Кара-Суу районунун 1958-жылы туулган тургуну болгон. Анын апасынын жүрөгү ооругандыктан, апасы таза абада кетүүнү суранып, артына отуруп алган экен. Негизи унаанын артына малды жүктөсө болот, бирок адамды салып алууга болбойт. Мындан улам кызматкерлер протокол түзүп, 3 миң сом айып пул салышты», - деп маалымдашты басма сөз кызматынан.
--- Официальный канал ИА АКИpress ---
Также смотрите и читайте нас по следующим ссылкам:
Наш сайт: [ Ссылка ]
Instagram: [ Ссылка ]
Страница в Facebook: [ Ссылка ]
Twitter: [ Ссылка ]
Телеграм: [ Ссылка ]
TikTok: [ Ссылка ]
Группа в VK: [ Ссылка ]
![](https://i.ytimg.com/vi/w5qOEhngfmM/maxresdefault.jpg)