Никеге туруп жатып ар бир адам жубайына же жолдошуна кам көрүүгө, түбөлүккө кол кармашууга жана балдарына жаркын келечек арноого сөз берет, жоопкерчиликти мойнуна алат. Эркек менен аял кишинин ортосундагы жылуу мамиле бири-бирине ишенүүнүн жана түшүнүүнүн негизинде түзүлөт. Үй-бүлөдөгү талаш-тартыш кадырэсе көрүнүш, бирок зордук-зомбулукка жеткирүү акылга сыйбаган жагдай. Тилекке каршы, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны улам өсүп жатат. Аны биримдикте токтотуу мүмкүн.
Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө айтуу уят эмес. Тескерисинче мындай акылга сыйбаган көрүнүш өкүнүчтүү окуяларга алып келиши толук ыктымал.
![](https://i.ytimg.com/vi/wxi0bUkb0bE/maxresdefault.jpg)