17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждан бирөө каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бортто жалпы 11 киши болгон. Жараат алгандардын бешөө реанимацияга жаткырылды, алардын бирөө өтө оор абалда. Калган төрт кишинин абалы орто деп бааланууда. Дагы эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды.
Министрлик тик учактын кырсыгы боюнча кызматтык териштирүүнү баштады.
#shorts #учак #кырсык #коргооминистрлиги
Ещё видео!