Бишкектин санитардык полигонунда таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана таштанды төгүлгөн аймакты рекультивация кылуу иштерине алынган 22 миллион евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин акыр-чикир талаасы толук тазаланбай турса, полигонундун курулушу ордунан жыла элек. Таштанды жайынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн болсо Бишкектин абасын ыштап атат.
Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.
Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.
Ещё видео!