Баткен району жана Баткен шаарындагы башталгыч класстардын мугалимдери окуучуларды жаңы ыкма менен окутууну үйрөнүшүүдө. Бул тууралуу «Келгиле окуйбуз» долбоорунун өкүлү Улукбек Жаникулов билдирди.
Анын айтымында, мугалимдерге сабак өтүлгөн атайын иш-чарага район-шаарлардагы 180ге жакын мугалим катышты. Мугалимдер балдардын тыбышты кабыл алуу, алфавит тануу, сөз байлыгы, шар окуу жана окуганын түшүнүп айтып берүүсүн күчөтүү боюнча сабактарды алышты.
Баткен районунун Таян айылынан келген мугалим Каныкей Жумалиеванын айтымында, буга чейин башталгыч класстын окуучуларына тыбыштарды, тамгаларды үйрөтүүдө бир топ кыйынчылыктар болуп келген. Бул жаңы ыкма менен окутуу бир кыйлага женил болорун кошумчалап, мындан ары практикада колдоноорун кошумчалады.
Ещё видео!