Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да ишке ашкан жок. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламенттин 24-январында өткөн жыйынында ушундай сын айтып чыкты. Эл өкүлү кошуна өлкөлөрдө мамлекеттик тилдин деңгээли кыйла жогору экенин белгилеп, Кыргызстанда кандай иштер жүрүп жатканына кызыкты. Ал мыйзамдардын аткарылышын, кеткен кемчиликтерди талдап чыгыш үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды.
![](https://i.ytimg.com/vi/ycvE4LoahgQ/maxresdefault.jpg)