Бүгүн, 24-апрель күнү АКИпресс-Ошто Ош шаарындагы «Боорукердик» карылар жана балдар үйүнүн мурдагы кызматкерлери маалымат жыйын өткөрүштү. Андар алар Ош шаардык прокуратурасы менен Ош шаардык мэриясынын чечимине нааразы болуп, президентке, УКМКнын башчысына, Башкы прокурорго кайрылышты.
Алардын айтымында, Ош шаардык прокуратурасындагы биринчи текшерүүнүн жыйынтыгында, 800 миң сом аталган үйдүн бюджетине зыян келгендиги, ошондой эле, демөөрчүлөр тарабынан берилген 80 миң жана бир койду жетекчи өз кызыкчылыгына иштетип койгондугу аныкталган. Бирок, бул ишти карап жактан прокурор алмашып, башка прокурор ишти карап, кыскартып салган.
![](https://i.ytimg.com/vi/zogOsrh3eso/maxresdefault.jpg)