Кыргыз тарыхы кандай болгон
Бүткүл Орто Азиянын, анын ичинен Кыргызстандын тарыхына бир назар таштасак, Кыргызстан 1860-жылдан баштап Россия империясынын, ак падышанын колониясы болгонуна күбө болобуз. Ак падышанын колониялыгы доорунда Кыргызстан саясий-экономикалык жактан колония болгон. Бирок, пикирий-идеологиялык жана моралдык жактан колония болбогон. Т.а. Кыргызстан калкы, мусулмандар, өз акыйда-ыймандарын, ибадат жана шаръий өкүмдөрүн, майрам-салтанаттарын, кийинүү маданияттарын, каада-салттарын сактап калышкан. 1917-жылга келип ак падыша бийлиги кулатылды, анын ордуна большевиктер бийлиги орнотулду. Кыргызстан жаңы Россиянын колониясына айланды. Бул жолу Кыргызстан коммунистик атеист Россиянын пикирий-идологиялык, саясий, экономикалык, моралдык жана жекече колониясына айланды. Кыргызстан мусулман калкына зордук-зомбулук менен социалистик-коммунистик идеология сиңдирилди. Медреселер, мечиттер ойрон кылынды. Таалим-тарбиядан исламий акыйда-өкүмдөр алып ташталды. Дин мамлекеттен, саясаттан ажыратылды. Мусулмандардын саясий чөйрөлөргө киришине, мамлекет жетекчиси болушуна тыюу салынды. Кыргызстан мусулман калкын христиан славян калктарын дос тутууга, алар менен достук мамиледе болууга, мунун тескерисинче, араб жана араб болбогон мусулман калктарды душман деп билүүгө, алар менен алака орнотпоого мажбур кылынды. Экономикалык жактан болсо чийки сырьё базасы болууга, бардык түрдөгү кен байлыктарга ээ болсо да, өнөр жайды өнүктүрүүгө эмес, айыл чарбачы иштерин өнүктүрүүгө, келген туристтерге кызмат көрсөтүүгө моюн сундурулду. Моралдык тармакта болсо, жада калса, фамилиялар да орусчалаштырылды. Армян, грузин, эстон сыяктуулардын аты-жөнү өз ордунда калтырылган убакытта да, мусулман калктардын аты-жөнү өз ордунда калышына уруксат берилбеди. Кийинүү маданиятына өзгөчө көңүл бурулуп, бакча-мектептерден тартып бардык жерлерде исламий, а түгүл, улуттук кийимдерди кийүүгө тыюу салынган эле. Алардын ордуна атеист-коммунист орустардын кийимдерин кийүүгө (ал тургай, христиан орустардын диний-улуттук кийимдерин эмес) мажбур кылынды. Республикага жетекчи дайындалышында болсо, келип чыгышы жөөттөргө барып такалса, же орус аялына үйлөнгөн оруспарас болсо, же Россияда таалим-тарбия алган, детдомдо өскөн, же ата-баба, тууган-уругунда диндар адам өтпөгөн, өзү динге ашынган душман болсо, жетекчи кылып дайындалды.
Youtube kanal
Azat kanal [ Ссылка ]
Turkiston kanal [ Ссылка ]
Turkiston biz [ Ссылка ]
AzatKG [ Ссылка ]
Интернет сайт: [ Ссылка ]
Биздин телеграм каналабыз [ Ссылка ]
Биздин кыргыз тилиндеги Фейсбук каналабыз [ Ссылка ]
Бизнинг Фэйсбук ўзбек тилида каналимиз [ Ссылка ]
Наш Фэйсбук канал на русском языке [ Ссылка ]
The Battle Yvonne S. Moriarty [Orchestrator]
"Decca US (Classics)"
Adrev for a 3rd Party
КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ КАНДАЙ БОЛГОН
Теги
КыргызстанузбекистанРоссияАмерикаНатоОДКБТошкентБишкекНурсултоналматадушанбеашхабадмосквавашингтонкиноузбекбеларусияминскукраинакиевмахмуд абдулмоминмахмудИсломХалифаликUzbekistonIslomHalifalikuzbekcoronavirusvirusnatoBMTrossiyamoskvaкино2020kino20202020казахстантаджикистантуркменистанчек араХалифалыкИсламкыргызозбектаждиктуркмонпишпекошжалалабаднарынталасыссыкколчолпонатабаткенбостерикадамжайпарламентбакиевакаеватамбаевжээнбеков